28 февраль 2024
Кароолор: 349
АДМИНИСТРАТИВДИК АЙМАКТЫК РЕФОРМА ЖӨНҮНДӨ

КРнын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде жана КРнын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” Токтомуна ылайык Кадамжай районунда административдик аймактык реформа жүрүп жаткандыгына байланыштуу Майдан жана Айрыбаз айыл аймактары бириктирилип, административдик борбору Айрыбаз айылы, Майдан айыл аймагы болуп өзгөртүлдү. 28-февралда Майдан айыл аймагынын башчысы болуп Кадамжай районунун мамлекттик администрация башчысы-акимдин буйругу менен Ахмедов Бегалы Улукбекович дайындалды.
О.э. Орозбеков жана Көтөрмө айыл аймактары бириктирилип, Учкун айылы административдик борбору болуп, Орозбеков айыл өкмөт башчылыгына Максутов Замирбек Максутович , ал эми Алга, Кыргыз-Кыштак жана Совет айыл аймактары бириктирилип, Алга айылы административдик борбору калып, Молдо Нияз айыл аймагы болуп өзгөртүлдү. Аталган айыл аймактын башчылыгына Досанов Халмурза Маликович дайындалды. 28-февраль Кадамжай районунун акими Баяке уулу Болоткан жана акимдин биринчи орун басары Баатырбек Коргонбаевтер аталган айыл аймактардагы жаңы дайындоолорду эмгек жамаатына тааныштырды.