16 август 2024

Кароолор: 78

Административдик-аймактык реформадан кийинки шайлоого даярдык көрүү максатында координациялык кеңешме өткөрүлдү.

Административдик-аймактык реформадан кийинки шайлоого даярдык көрүү максатында координациялык кеңешме өткөрүлдү.

Бүгүн 15-август Административдик-аймактык реформадан кийинки шайлоого даярдык көрүү максатында Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Асанова Меерихан Мийзамовнанын жетекчилиги астында, Борбордук Шайлоо Комиссиясынын башкы эксперти, финансылык текшерүү боюнча комиссиянын мүчөсү – Берикбаева Керемет Кубанычбековнанын, Борбордук Шайлоо Комиссиясынын Кызыл-Кыя шаары жана Кадамжай району боюнча атайын өкүлү Арыков Тайкара Кудайбердиевичтин, Кадамжай райондук статистика комитетинин өкүлү Мурзахматов Нурали Казыкановичтин катышуусунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана кеңештин төрагалары менен биргеликте координациялык кеңешме өткөрүлүп, төмөнкүдөй маселелер каралды:

1. Шайлоо округдарды түзүү жана чек ара маселесин тактоо;

2. Жергиликтүү кеңештин мыйзамдарынын өзгөрүүсү боюнча билдирүү;

3. Шайлоо системасына киргизилген жаңылыктар.

4. КРнын Президентинин 2024-жылдын 2-августундагы “Административдик-аймактык реформаны аяктоо жөнүндөгү” №158 Жарлыгы боюнча.