10 февраль 2025

Кароолор: 136

Афган согушунун ардагерлерине 36 жыл

Афган согушунун ардагерлеринин 36 жылдыгы Чаувай айылында белгиленди

Бүгүн, Чаувай айылында Афган согушунун ардагерлеринин 36 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында Куран окулуп, согуш ардагерлеринин эрдиктери эскерилди.

Иш-чарага Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары М. Асанова жана жергиликтүү тургундар катышты. Өз сөзүндө М. Асанова Афган согушунун ардагерлеринин мекен үчүн көрсөткөн кайраттуулугун баса белгилеп, алардын эрдиги эч качан унутулбай турганын билдирди.

Бул иш-чара согуш ардагерлеринин элесин даңазалоо жана жаш муундарга патриоттук тарбия берүү максатында уюштурулду.