11 август 2026

Кароолор: 8

АЙДАРКЕН ШААРЫНДА ЭКИ ИРИ ӨНДҮРҮШТҮК ОБЪЕКТТИН КУРУЛУШУ ЖҮРҮҮДӨ

Бүгүн, Кадамжай районунун акими Б. Баяке уулу Айдаркен шаарына иш сапары менен барып, шаар аймагында курулуп жаткан бир катар өндүрүштүк объектилердин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Учурда Айдаркен шаарында эки маанилүү өндүрүштүк объекттин курулушу жүргүзүлүүдө.

Алардын бири — кыш чыгаруучу завод. Заводдун курулушунун учурдагы абалы көрүлдү жана жакынкы күндөрү мезгил кутучасын салуу аземин өткөрүү пландалып жаткандыгы белгиленди.

Экинчи объект — өнөр жай калдыктарын кайра иштетүүчү завод. Аталган заводдун курулушунун жүрүшү, аткарылып жаткан иштер жана алдыдагы пландар талкууланды.

Бул өндүрүштүк объектилердин ишке кириши Айдаркен шаарында өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана аймактын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө чоң өбөлгө түзөт.