21 август 2026
Кароолор: 8
Айдаркен шаарындагы социалдык жана инфраструктуралык объектилердин абалы каралды

2026-жылдын 21-августунда Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б. Баяке уулу Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М. Рахимов менен биргеликте Кадамжай районунун Айдаркен шаарына жумушчу сапар менен барышты.
Иш сапардын жүрүшүндө облус башчысы жана район акими Айдаркен шаарындагы эскилиги жеткен оорукананын абалы менен таанышты. Оорукананын учурдагы абалы талкууланып, калкка сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү үчүн жаңы заманбап имарат куруу маселеси каралды.
Ошондой эле Айдаркен шаарындагы ички көчөлөргө асфальт төшөө иштеринин жүрүшү жеринен көрүлүп, аткарылып жаткан иштер боюнча тиешелүү маалыматтар берилди. Райондук жана шаардык бийлик өкүлдөрүнө жолдорду сапаттуу бүткөрүү менен бирге жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү зарылдыгы белгиленди.
Жумушчу сапардын алкагында М. Рахимов "Интерра Про" ЖЧКсы тарабынан Айдаркен шаарындагы сымап өндүрүүдөн калган калдыктарды кайра иштетүүчү заводдун курулуш иштеринин жүрүшү менен да таанышты.
Ошондой эле, "Мега Трафик" ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан кыш чыгаруучу заводуна капсула салуу аземи болуп өттү.