14 июнь 2024
Кароолор: 99
Айдаркен шаарынын Шак-Шак айылындагы айыл чарба өндүрүштүк-логистикалык борборунун ишмердүүлүгү боюнча

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Болоткан Баяке уулу Айдаркен шаарынын Шак-Шак айылындагы айыл чарба өндүрүштүк-логистикалык борборунун ишмердүүлүгү боюнча жеринде кабар алды.
2024-жылдын 13-июнунда Россия Федерациясынын тармактуу тамактануу институтунун Анатолий Федорович жетектеген өкүлдөрүн мектеп тамагы боюнча Кадамжай районунун администрациясынын башчысы-аким Болоткан Баяке уулу кабыл алып, Айдаркен шаарынын “Бий-КОК” айыл чарба кооперативинин жетекчиси Ысманали Парпиев менен жайында жолугушуп, мектептерге ысык-тамак, мөмө жемиш ташуу жана айыл чарба кооперативинин логистикалык борборунун мындан ары алып барылуучу иштери боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.