27 март 2024

Кароолор: 32

АЙЫЛ АЙМАКТАРДА КӨЧМӨ ЖЫЙЫНДАР ӨТҮП ЖАТАТ

    Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Баяке уулу Болоткан айыл аймактарда көчмө жыйындарды өткөрүүдө. Бүгүн, 26-мартта административдик-аймактык реформа жүргөн Майдан айыл аймагына караштуу жогорку айылдарынын тургундары менен жолукту. Көчмө жыйынга райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери катышып, жеринде тийиштүү тапшырмалар берилип жатат.

   Райондун акими жергиликтүү элди ынтымакка чакырып, биримдикте маселелерди чечүүгө үндөп, мамлекеттик саясаттын ишке ашуусун колдоого чакырып кетти. О.э. жашоочулардын социалдык көйгөйлөрү угулуп, ар бир айтылган арыздары жана суроо талаптары протоколдоштурулду. Тургундардын жайыт, электр энергиясына тиешелүү, жер тилкесин алуу боюнча маселелери айтылды.

   О.э. өлкө башчысынын 2022-жылдын 8-апрелиндеги “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндөгү” №109 Жарлыгы, “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлөө объекттерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндөгү” №56 Жарлыктарын ишке ашырууда элге түшүндүрүү иштери жүрдү.

  Мындан сырткары Майдан айыл аймагынын жашоочуларынын кайрылуусуна байланыштуу эскилиги жеткен, 1956-жылда курулган маданият үйүн жаңыдан куруу маселеси талкууланды. Быйылкы жылда айыл өкмөттүн жергиликтүү казынасынан бөлүнгөн каражатка маданият үйүнүн курулушу башталмакчы.