04 ноябрь 2024
Кароолор: 13
Айыл аймактарда өз билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алган жерлер жана курулуштарды буздуруу боюнча иш аракеттер көрүлүп жатат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндөгү” №109 Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кадамжай районундагы шаар, айыл аймактарда өз билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алган жерлер жана курулуштарды буздуруу боюнча иш аракеттер көрүлүп жатат.