08 апрель 2025
Кароолор: 43
Айыл аймактардагы жергиликтүү тургундарга турак үйлөрдү камсыздандыруудан өткөрүү боюнча иштер алып барылууда.

2025-жылдын 7-апрель күнү Кадамжай районунун акими Б.Баяке уулунун жетекчилиги астында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы «Турак жайды өрт жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөгү» №209 - Мыйзамына, Кыргыз Републикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-мартындагы ПЖ №79 Жарлыгын ишке ашыруу максатында онлайн жыйын өткөрүлүп 2025-жылдын 8-апрелинде “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКнун Баткен облустук мекемесинин өкүлдөрү менен биргеликте айыл аймактардагы жергиликтүү тургундарга турак үйлөрдү камсыздандыруудан өткөрүү боюнча иштер алып барылууда.