18 сентябрь 2024
Кароолор: 84
«Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби» тууралуу типтүү Жобого ылайык асылдуулугу төмөн жайыт жер аянттарын өздөштүрүү үчүн 20 жылга чейинки убакытка ижара негизинде берилүүдө.

Кадамжай районунун аймагындагы азык түлүк коопсуздугун камсыздоо, жергиликтүү багбанчыларды өнүктүрүү менен экспортко багытталган айыл чарба продукцияларын чыгарууну көбөйтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен бекитилген «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби» тууралуу типтүү Жобого ылайык асылдуулугу төмөн жайыт жер аянттарын өздөштүрүү үчүн 20 жылга чейинки убакытка ижара негизинде берилүүдө.
Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Б.Баяке уулу тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Молдо Нияз айыл аймагына барып, суу чыкпаган жерлерди суу астынан суу чыгаруу, жаңы технологияларды колдонуу менен жерлерди өздөштүрүүнү каалаган жарандарга жерлерди ажыратып берүү боюнча тапшырмаларды берди.
Өз кезегинде райондук мекеме-ишканалар тарабынан колдоого алынды.