07 март 2024

Кароолор: 257

АК КАЛПАК КЫРГЫЗДЫН УЛУТТУК БАШ КИЙИМИ

  Ак калпак майрамы жылдан жылга массалык популярдуулукка ээ болуп, 2016-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен 5-март Ак калпак күнү катары расмий бекитилген. Максаты улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, элдин кыргыздын маданиятына болгон сыймыктануусун ойготууну көздөйт.

  Кадамжай районунда улуттук баш кийим ак калпактын урматына жөө жүрүш уюштурулуп, ага райондун активдүү жаштары катышты. О.э. райондун аймагындагы мектептерде маданий-массалык иш-чаралар өткөрүлдү. Ал эми жөө жүрүштү жол коопсуздугунун кызматкерлери көзөмөлгө алышты. Акыркы жылдары бул улуттук баш кийимдин коомдо кадыры артып, өзгөчө жаштар көп кийип, даңазалаган учурларды көрүүгө болот.

 Кадамжай районунун акими Баяке уулу Болоткан майрамдын катышуучуларына кайрылып: “Улуттук кийимдер кыргыз элинин кыргыз экендигин дүйнөгө таанытып, улуттук ар-намысыбызды арттырып, барктуу, салттуу жана нарктуу улут экенибизди таанытып турат” деп кошумчалады.

  Иш-чарага катышкан 100дөй жаш муундар бул күнү ак калпак майрамына карата райондук маданият тарабынан уюштурулган түрдүү оюн-зоокторго күбө болушту. Майрамдын катышуучулары калпактын негизги өзөгүн сактап кийинки муунга мурас катары калтырып өткөрүү – маанилүү милдет экендигин белгилешет. О.э. Орозбеков айыл аймагында 5-март ак калпак күнүнө карата көк бөрү уюштурулду.

Статистика и объявления

Продвигать публикацию

Все реакции:

1111