17 февраль 2026

Кароолор: 6

Ак-Турпак айыл аймагында “Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү” аталышындагы көргөзмө-семинар өткөрүлдү.

2026-жылдын 17-февралында Ак-Турпак айыл аймагында “Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү” аталышындагы көргөзмө-семинар өткөрүлдү.

Иш-чарага Кадамжай районунун акими Б.Баяке уулу катышып, өз сөзүндө мал чарбасы райондун экономикасынын негизги тармактарынын бири экенин белгилеп, асыл тукум малдардын санын көбөйтүү, өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана сапатын жакшыртуу бүгүнкү күндүн артыкчылыктуу багыты экенин баса белгиледи.

Фермерлерди заманбап технологияларды колдонууга, асылдандыруу иштерин күчөтүүгө жана атаандаштыкка жөндөмдүү, сапаттуу продукция өндүрүүгө чакырды.

Семинардын алкагында асыл тукум малдар көрсөтүлүп, мыкты катышуучулар дипломдор менен сыйланышты. Ошондой эле банктардын өкүлдөрү фермерлер үчүн каралган төмөн пайыздык насыялар тууралуу маалымат беришти.