21 май 2025
Кароолор: 16
Ак-Турпак айыл аймагында элдик жолугушуу өттү

Бүгүн, 21-майда Ак-Турпак айыл аймагында жергиликтүү тургундар менен элдик жолугушуу болуп өттү. Иш-чарага Кадамжай районунун акими Б.Баяке уулу, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Жолугушууда айыл тургундары тарабынан таза суу менен камсыздоо, жолдордун абалы, билим берүү, жумушсуздук сыяктуу бир катар маанилүү маселелер көтөрүлдү. Ошондой эле аткезчилик маселеси да талкууланып, бул багытта тиешелүү органдар тарабынан көзөмөлдү күчөтүү боюнча сунуштар айтылды.
Аким жана мекеме жетекчилери ар бир маселе боюнча жооп берип, кээ бир суроолор жеринде чечилип, калгандары көзөмөлгө алынды.
Жолугушуунун максаты – элдин үнүн угуп, көйгөйлөрдү биргеликте чечүү.