08 август 2026
Кароолор: 2
Ак-Турпак айыл аймагында жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн жеринде угуу жана аларды чечүү жолдорун талкуулоо максатында көчмө жыйын болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А. Ташбалтаев Ак-Турпак айыл аймагынын жергиликтүү тургундарын жеке кабыл алды.
Кабыл алууга Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары А. Акматов, Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.
Жарандарды кабыл алуу учурунда тургундар тарабынан социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык маселелер боюнча кайрылуулар айтылды. Ар бир кайрылуу тиешелүү жетекчилердин катышуусунда каралып, көйгөйлөрдү чечүү боюнча жооптуу жетекчилерге тиешелүү тапшырмалар берилди.