02 июль 2026

Кароолор: 10

Ак-Турпак айыл аймагындагы Бүргөндү магистралдык каналынын (БМК) курулушу

Бүгүнкү күндө Бүргөндү магистралдык каналынын (БМК) курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери башталды.

БМК 1976-жылы курулган. Каналдын жалпы узундугу 31 км, ал эми суу өткөрүү мүмкүнчүлүгү 18,8 м³/сек түзөт.

Долбоордун алкагында каналдын суу өткөрүү мүмкүнчүлүгү 18,8 м³/секунддан 30 м³/секундга чейин көбөйтүлөт.

Долбоор ишке ашырылгандан кийин 10 269 гектар сугат жердин суу менен камсыздалышы жакшырып, кошумча 2 000 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт.