01 июль 2024
Кароолор: 76
Аким Баяке уулу Болоткан сел жүргөн аймактардан кабар алды

Аким Баяке уулу Болоткан сел жүргөн аймактарга барды.
Аким кече 23-июнь күнү кечинде жааган жаандан улам сел жүргөн аймактардан кабар алды.
Учурда аталган аймактарда сел кесепетин жоюу боюнча ыкчам аракеттер көрүлүүдө.
Жеринде Кадамжай райондук жарандык кызматынын жол тейлөө кызматы иш алып барууда.
Анда аким Б. Баяке уулу тиешелүү жетекчилерге табигый кырсыктардын алдын алууда ыкчам иш аракеттерди көрүүнү тапшырды.