01 июль 2024

Кароолор: 92

Аким Б.Баяке уулу 1-июль Куткаруучуларды кесиптик майрамы менен куттуктады.

Бүгүн Аким Б.Баяке уулу 1-июль Куткаруучулар күнүнүн 33 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Кыргыз Республикасынын Куткаруу кызматынын кызматкерлеринин күнү менен Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын жалпы жамаатынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктаймын!

Куткаруучулардын кесиби өтө жоопкерчиликти талап кылган гумандуу кесип болуп саналат. Бул кесип биздин гана мамлекетте эмес, дүйнө жүзүндөгү эң ардактуу кесиптердин бири экендиги баарыбызга маалым.

Бүгүнкү күн биз үчүн өзгөчө мааниге ээ. Кыргыз куткаруу кызматынын түзүлгөндүгүнө 33 жыл толду. Бул убакыт ичинде өлкөбүздө кандай гана кырсык катталбасын, эр жүрөк, тайманбас куткаруучуларыбыз эли-жерибизге ак кызматын кылып, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, калкты табигый кырсыктардан коргоо боюнча олуттуу жана масштабдуу маселелерди чечип, канчалаган адамдардын өмүрүн, мал-мүлкүн сактап келишүүдө.

Кырсыкка кабылып, көзү чачырап турган адамдар Сиздерден гана жардам күтөт. Анткени алардын өмүрүн сактап калуу Сиздердин гана колуңуздардан келээрине толук ишенишет. Айрыкча азыркы учурдагы болуп жаткан табигый кырсыктарды жоюууда күнү-түнү талыкпай эмгектенип келе жатасыздар.

Ар бир куткарылган адамдын өмүрү үчүн сиздерге ыраазычылык билдирип, сыймыктануу менен таазим этем!

Сиздердин бүгүнкү кесиптик майрамыныздар менен куттуктап жатып, татаал жана сыймыктуу ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалап, Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөөңүздөр менен бакубат жана узак өмүр сүрүшүңүздөргө тилектешмин. Эли-жерибизди коргоодо эмгегиңиздер жемиштүү болуп, кыргыз элинин сиздерге болгон алкышы артып, батасы тийсин!

Районубузда ар дайым тынчтык жана бейпилдик болсун!

Майрамыңыздар кут болсун!”