05 июль 2024

Кароолор: 88

Аким Б.Баяке уулу медицина кызматкерлеринин кесиптик күнү менен куттуктады.

Бүгүн Аким Б.Баяке уулу медицина кызматкерлеринин кесиптик күнү менен куттуктады.

Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлеринин күнү менен Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын жалпы жамаатынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктаймын!

Урматтуу медицина кызматкерлери!

Кадырман дарыгерлер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм.

Кылым карыткан кыргыз элибиз «Биринчи байлык – ден соолук» деп, ден соолуктун кадырын баарынан жогору баалап-барктап келишкен.

Урматтуу саламаттык сакчылары, сиздердин дартка даба болуп, ажат ачып, элдин ыраазычылыгын алган кызматыңыздар эч нерсе менен өлчөнбөйт, эч нерсеге теңелбейт. Анткени сиздер «Өзгөлөрдүн өмүрү деп, өзүм күйүп жок болом» деген ураан астында элге кызмат кылып келесиздер.

Элибиздин саламаттыгын чыӊдоо, жарандарды сергек жашоого үндөө, оорулардын алдын алуу, замандын жаӊы коркунуч-чакырыктарына туруштук берүүгө даяр туруу — жалпы милдетибиз.

Урматтуу саламаттыкты сактоо кызматкерлери!

Дагы бир жолу кесиптик майрамыӊыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Ишиӊиздерге албан-албан ийгиликтерди, үй-бүлөӊүздөргө бакубат турмуш, тынчтык каалайм!

Элибиз аман, дени сак болсун!