01 июль 2025
Кароолор: 10
Аким Б.Баяке уулу Өзгөчө кырдаалдар кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Б.Баяке уулу Өзгөчө кырдаалдар кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Куттуктоосунда аким кызматкерлердин жарандардын коопсуздугун камсыздоодогу талыкпаган эмгегин белгилеп, алардын мекенчилдигин, кайратмандыгын жана жогорку жоопкерчилигин баса көрсөттү.
— «Сиздердин кызмат — бул жөн гана иш эмес, бул эл үчүн, мекен үчүн жан аябастан кызмат өтөө. Ар кандай өзгөчө кырдаалдарда ыкчам жана координацияланган аракеттериңиздер аркылуу жарандардын өмүрүн, ден соолугун жана мүлкүн сактап калуу — өтө чоң жоопкерчилик. Ошондуктан, сиздердин ишмердүүлүк дайым урмат-сыйга татыктуу», — деп белгиледи район башчысы
Майрамдык иш-чаранын алкагында өз кызматын үлгүлүү аткарып, жогорку жоопкерчилик жана кесипкөйлүк көрсөткөн кызматкерлерге ардак грамоталар жана ыраазычылык каттары тапшырылды.
Иш-чаранын соңунда Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Б.Баяке уулу өзгөчө кырдаалдар кызматынын бардык кызматкерлерине жана ардагерлерине терең ыраазычылыгын билдирип, алардын түйшүктүү жана жоопкерчиликтүү кызматында мындан ары да ийгиликтерди, кызматтык өсүштү, бекем ден соолук, үй-бүлөлүк тынчтык жана ар бир нөөмөт коопсуз өтүшүн каалады. Ошондой эле, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуудагы ак ниет эмгектери ар дайым эл та