11 сентябрь 2024

Кароолор: 90

Аким Б.Баяке уулу райондук мекеме ишкана жетекчилери менен биргеликте Исхак-Полотхан айыл аймагында 2024-жылдын 24-июнунда болуп өткөн селдин кесепетинен жабыркаган тургундардан кабар алды

Аким Б.Баяке уулу райондук мекеме ишкана жетекчилери менен биргеликте Исхак-Полотхан айыл аймагында 2024-жылдын 24-июнунда болуп өткөн селдин кесепетинен жабыркаган тургундардан кабар алды жана Ынтымак айыл аймагындагы жергиликтүү эл менен жолугуп, элдин көйгөйлүү маселелерин жеринен угуп, тиешелүү жетекчилерге тез арада чечүү боюнча тапшырмалар берилди.

Мындан сырткары, аким Баяке уулу Болоткан Молдо Нияз айыл аймагынын Шыбран айылындагы тургундар менен да жолугушуу өткөрүп, социалдык объектердин учурдагы абалы менен да жеринен таанышып, оңдоп түзөө иштерин жандандыруу тапшырмалары коюлду.