01 июль 2024
Кароолор: 110
Аким Болоткан Баяке уулу мамлекеттик салык кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Аким Болоткан Баяке уулу мамлекеттик салык кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады.
«Урматтуу Кыргыз Республикасынын салык кызматкерлери!
Сиздерди Салык кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!
Салык кызматы районубуздун социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө өзгөчө ролду аткарып, салык саясатын ишке ашыруу аркылуу экономиканын өнүгүшүнө таасир этип, өлкөнүн бюджетин түзүүчү башкы орган катары социалдык маселелердин чечилишин каржылоону камсыз кылып келүүдө.
Азыркы учурда Салык кызматы салык мыйзамдарынын сакталышы, салык системасындагы мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу боюнча жакшы ийгиликтерди жаратууда.
Райондук бюджеттин кирешесин камсыз кылып, бизнести жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдө, салыктарды башкаруунун деңгээлин жана сапатын жогорулатууда, салык системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү кыскартууда салык тармагынын кесипкөй кызматкерлери жоопкерчилик менен иш алып барууда.
Урматтуу салык кызматкерлери!
Мамлекеттик кызматтын чоң жоопкерчилигин ак ниеттүүлүк менен аткарып, районубуздун саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон жогорку кесипкөй кызматыңыздар үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем.
Баарыңыздарга бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт, жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм».