22 февраль 2024

Кароолор: 201

АКИМ ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНДАГЫ СОЦИАЛДЫК КӨЙГӨЙЛӨР МЕНЕН ТААНЫШТЫ

 Кадамжай районунун акими Баяке уулу Болоткан Орозбеков айыл аймагынын тургундары менен жолугушту. Белгилей кетсек, элдик жыйындар ар бир айыл өкмөттөрдүн административдик имараттарында өтүп, жергиликтүү тургундардын кайрылуулары каралууда. Максаты элдин суроолоруна ыкчам жооп берип, маселелерди  жеринде чечуу милдеттери коюлду.

 Элдик жыйында Орозбеков айыл өкмөтүнө караштуу Өндүрүш айылына 225 орундуу мектепти курулушу быйылкы жылдын планына киргизилгендиги тууралуу маалымдалды. Мындан сырткары Күлдү айылындагы ирригация системасын жакшыртуу учурдун башкы талабы болууда. Таза суу маселесин чечүүдөгү иш-пландары тууралуу айыл аймактын башчысы суроолорго жооп берди. 

 Райондун башчысы Баяке уулу Болоткан Орозбеков айыл аймагынын элин тейлеген №7 ҮДТнун абалы менен таанышып чыкты. Медициналык имараттын эскилиги жеткендигине байланыштуу капиталдык ремонттоо үчүн тийиштүү кызматтардын өкүлдөрүнө тапшырмаларды берди. О.э. турткү берүүчү гранттын эсебинен каржылануучу  долбоорлорду даярдоону тапшырды. Андан ары Учкун айылындагы “Ак-Суу” лагерине барды. Жайкы мезгил учурунда балдардын эс алуусуна шарттарды жакшыртуу  үстүндө талкуулар болду. Элдик жыйындар мындан ары  Майдан, Уч-Коргон жана Бирлик айыл өкмөттөрүндө уланат.