01 июль 2024
Кароолор: 140
Аким селден кийинки абалды жеринде көзөмөлдөөдө

Аким селден кийинки абалды жеринде көзөмөлдөөдө
Кадамжай районундагы сел кеткен Исхак Полотхан айыл аймагына барды.
Алгач, селге агып каза болгон, Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн Жеңиш айылынын 5 жаштагы тургуну Илхамов Саидазимдин үй бүлөсүнөн кабар алып, көңүл айтты.
Аким селден жабыркаган айылдагы ар бир үйгө кирип,тургундар менен жолукту.
Жеринде райондун жарандык коргонуу кызматы менен жыйын өтүп,тапшырмаларды берди.
Аймакта жарандык коргонуу кызматтары селден тазалоо иш-чараларын жүргүзүшүүдө. Жергиликтүү тургундар да тазалоо иштерине активдүү катышууда.
Сел кесепеттерин жоюуда күйүүчү май, күч каражат, техника маселе болбой турганын айтып,ар тараптуу колдоолор уюштурулган.