27 май 2024
Кароолор: 118
Акыркы конгуроо

Кадырлуу агай-эжекелер, бүтүрүүчүлөр жана жалпы окуучулар!
Сиздерди жашооңуздардагы мыкты жана кубанычтуу окуя – “Акыркы коңгуроо” майрамыңыздар менен чын ниеттен куттуктайм!
Бул күн –бүтүрүүчүлөр үчүн мектеп менен коштошуу жана жашоодогу жаңы баскычка кадам таштаган эсте калаарлык маанилүү учур.
Он бир жыл бою мектеп турмушунда агай-эжекелерден таалим-тарбия алдыңыздар. Алдыда ошол алган билимди туура пайдаланып, ата-энеңиздердин көптөн күткөн үмүтүн актаган, татыктуу инсан болуп калыптануу милдети турат.
Бүгүн Кадамжай районундагы 85 мектепте, 5 жеке менчик мектепте акыркы коңгуроо салтанаттары өтүп жатат. Бул жылы районубузда 9-классты 3558, ал эми 11-классты 2009 бүтүрүүчү аяктоодо.
Кесипти тандоо-келечекти тандоо демекчи, баарыңыздарды туура кесипке багыт алууга чакырам. Анткени өлкөбүздүн өнүгүүсү өз ишин мыкты билген, билимдүү кадрлардан көз каранды. Бул багыттагы маселелерди чечүүдө мамлекет тарабынан тийиштүү көңүл бөлүнүп, реформалар жүргүзүлүп жатат. Алардан бир эле мисал, мугалимдердин эмгек маянасы сезилээрлик деңгээлде жогорулады. Албетте, бул билим сапатын жакшыртууга чоң түрткү берет.
Урматтуу бүтүрүүчүлөр!
Кайсыл жогорку окуу жайда билим алсаңыздар да, жөндөмүңөрдү өлкө өнүгүүсү үчүн пайдаланасыздар деп ишенем. Алдыга койгон максатыңарга жетип, турмушуңарда ийгилик коштоп жүрсүн! Кыргызстандын келечегин курган элибиздин татыктуу уул-кыздарынан болгула! Мугалимдерибизге бекем ден соолук, иштерине ийгиликтерди каалайбы!
Ак жол силерге, кымбаттуу бүтүрүүчүлөр! Калган окуучуларыбыздын жайкы эс алуусу кызыктуу жана пайдалуу өтсүн.
Урматтоо менен аким Болоткан Баяке уулу.