26 май 2025
Кароолор: 11
«Акыркы коңгуроо — балалык менен коштошуу, максаттарга карай биринчи кадам»

Бүгүн, 26-май — Кадамжай району үчүн өзгөчө күн. Бул күнү районубуздун бардык мектептеринде акыркы коңгуроо кагылып, жүздөгөн бүтүрүүчүлөр мектеп жашоосу менен коштошуп, келечекке карай жаңы жолго аттанышты.
Акыркы коңгуроо салтанатына район аймагынын мекеме-ишкана жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары катышып, бүтүрүүчүлөргө өздөрүнун каалоо тилектерин айтышып, мыкты окуучуларга белектер берилди.
Салтанаттын жүрүшүндө жүрөккө жеткен сөздөр, ыр-кароо, куттуктоо жана ыраазычылык сөздөр жаңырып турду. Кичүү класстын окуучулары мугалимдерине жана бүтүрүүчүлөргө арналган ырларын ырдап, мектеп короосун шаңга бөлөштү.
Жыл сайын кайталанган менен, ар бир коңгуроо өзүнчө тарых, өзүнчө тагдыр. Бүгүн жаңырган акыркы коңгуроо — бул бала кезде айтылган кыялдардын үнү, улуу максаттарга болгон чакырык сыяктуу угулду. Ал үн менен мектептеги таза, тунук учурлар артта калып, турмуш деп аталган кең дүйнөнүн эшиги ачылды.
Урматтуу бүтүрүүчүлөр! Алдыңарда кең жол, бийик максаттар жана чексиз мүмкүнчүлүктөр турат. Кандай жол тандайсыңар — баары өзүңөргө байланыштуу. Бирок кайда барбагыла, кайда жүрбөгүлө, жүрөгүңөрдө ушул алтын курактагы мектеп күндөрү ар дайым жашасын!