28 май 2026
Кароолор: 7
“Акыркы коңгуроо” иш-чараларынын жүрүшүндө жана жайкы эс алуу мезгилинде жаш өспүрүмдөрдүн өмүрүн жана ден соолугун коргоо, жол-транспорт кырсыктарын жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча жыйын өткөрүлдү.

2026-жылдын 28-майында Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары М. Айтматовдун жетекчилиги астында райондогу жалпы билим берүү уюмдарында 2025–2026-окуу жылынын аякташына байланыштуу өткөрүлүүчү “Акыркы коңгуроо” иш-чараларынын жүрүшүндө жана жайкы эс алуу мезгилинде жаш өспүрүмдөрдүн өмүрүн жана ден соолугун коргоо, жол-транспорт кырсыктарын жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча жыйын өткөрүлдү.
Жыйынга райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Э. Кадыров, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н. Исраилов, Кадамжай район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери А. Балтабаев жана райондогу жалпы билим берүү мектептеринин директорлору катышты.
Жыйында “Акыркы коңгуроо” салтанатын өткөрүү учурунда коопсуздукту камсыз кылуу, окуучулардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо маселелери талкууланып, тиешелүү тапшырмалар берилди.
Ошондой эле ата-энелерге “Акыркы коңгуроо” салтанатынан тышкары кошумча иш-чараларды уюштурууга тыюу салынары жана окуучулардын коопсуздугу үчүн ата-энелер жооптуу экендиги боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.