20 май 2024
Кароолор: 88
“Акыркы коңгуроо” салтанаты мектептерде өткөрүү боюнча

“Акыркы коңгуроо” салтанаты мектептерде өткөрүлөт.
2024-жылдын 8-майында Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары М.Асанованын жетекчилиги астында райондун жалпы билим берүү уюмдарында 2023-2024-окуу жылын уюшкандыкта жыйынтыктоо жана салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү убагында мектеп окуучуларынын коопсуздугун сактоо максатында жыйын болуп өттү.
Аталган жыйынга шаарлардын мэрлери, айыл өкмөт башчылары, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, билим берүү мекемелери, ата-энелер комитеттери, менчик түрүнө карабастан эс алуучу кафе ресторандардын жана бүтүрүүчү класстарды виньеткага тарткан фото салондордун ээлери катышты.
2023-2024-окуу жылы жыйынтыкталып, жалпы билим берүү мекмелеринде “Акыркы коңгуроо” салтанатынын өткөрүлүшү жана салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүдө коопсуздугу кызуу талкууланды.
Жыйынтыгында тиешелүү чечимдер кабыл алынып тиешелүү мекеме жетекчилерине тапшырмалар берилди.
Мектеп окуучуларынын ата-энелерине “Акыркы коңгуроо” салтанатынан сырткары иш-чараларды уюштурууга тыюу салынып, окуучулардын өмүрүнүн коопсуздугуна ата-энелер жооптуу экендиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.