26 апрель 2024

Кароолор: 14

Аткезчилик менен ташылып кирген жумурткага бөгөт коюу менен жергиликтүү ишкерлерди колдоо максатында жыйын өттү.

   Кадамжай районунда өлкө аймагына аткезчилик аркылуу ташылып кирген жумурткага бөгөт коюу менен бирге тамак-аш коопсуздугун камсыздоо максатында Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясында жергиликтүү бийлик ишкерлер менен жолугуп, жыйын өткөрдү. Анда ата-мекендик ишкерлерди колдоо үчүн мындан ары сатылып жаткан жумурткалардын мыйзамдуулугу Кадамжай райондук ветеринария кызматы тарабынан көзөмөлгө алынары айтылды.

   Ал эми райондун аймагындагы ишкерлер тарабынан өндүрүлгөн продукцияларга мөөр басылып, ветеринардык коштомо кагаздар менен сатылуусу зарыл.

Ишкерлер тез арада тиешелүү кызматтарга кайрылып, каттоого туруусу зарылдыгы эскертилди. О.э. ишкерлердин ишканалары калктуу конуштан мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык жайгашуусу, санитардык абалдын сакталуусу да белгиленди. Жыйында агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан ишкерлерге №309 Токтом негизинде жер аянтын ажыратып берүү боюнча колдоолор жана жеңилдетилген насыялар берилээри да айтылды.