08 октябрь 2024

Кароолор: 104

Аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешме болуп өттү

Аким Б.Баяке уулу аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешме өткөрдү.

Б.Баяке уулу аткезчиликтин алдын алууга багытталган иш аракеттерге карабай,акыркы учурда чек ара аймактарында аткезчилик активдешип жатканын белгилеп, бул багытта күрөштү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Андыктан мүмкүн болгон бардык чараларды көрүп, катуу күрөш менен мыйзамсыз бул иш аракетке бөгөт коюуну тийиштүү мамлекеттик органдарга тапшырды.

Координациялык кеңешменин жыйынтыгы менен чечимдер кабыл алынып, тапшырмалар берилди.