12 май 2025

Кароолор: 18

Аткезчиликтин алдын алуу жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жыйын өткөрүлдү.

2025-жылдын 12-май күнү Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулунун жана Кыргыз Республикасынын УКМКнын Чек ара кызматынын 2023 аскер бөлүгүнүн командири, полковник М.Исаковдун жетекчилигинде район аймагындагы аткезчиликтин алдын алуу жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жыйын болуп өттү. Жыйынга райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, райондук имам хатиб, ошондой эле Чек ара кызматынын офицерлери катышты.

Кадамжай районунун акими Б.Баяке уулу өз сөзүндө чек арадагы коопсуздукту камсыз кылууда бардык тармактардын биргелешкен аракеттери зарыл экендигин белгилеп, мыйзамдуулукту сактоо – ар бир мамлекеттик кызматкердин жана офицердин негизги милдети экендигин баса көрсөттү. Ал ошондой эле коомдук жана диний лидерлердин бул багыттагы ролу өзгөчө мааниге ээ экенин айтып, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн зарылдыгын белгиледи.