18 сентябрь 2024
Кароолор: 74
Азык-түлүккө болгон баалар көзөмөлгө алынууда.

Райондун борборундагы базарлардагы жана соода түйүндөрүндөгү азык-түлүккө болгон бааларын көзөмөлдөө боюнча атайын жумушчу топ тарабынан иштер жүргүзүлүүдө.
Кадамжай районунун базарларында жана айыл аймактардагы эт дүкөндөрүндө эттин баасын негизсиз кымбататпоо боюнча тийиштүү чараларды көрүү багытында эт сатуучу дүкөн (касап каналар) ээлери менен жолугушуулар тиешелүү тармактар тарабынан уюштурулду.
Коомчулуктун нааразычылыктарын алдын алуу максатында эт сатуучу дүкөн ээлери жана ишкерлер менен эттин баасын эл канааттанган баадан жогорулатпоо жана туруктуу бааны сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин алынып барылды.
Бардык айыл өкмөт башчыларына жана райондук тиешелүү кызматтардын жетекчилерине жума сайын азык-түлүк продуктуларына болгон бааларга көзөмөл жүргүзүү боюнча тапшырма берилди.