17 сентябрь 2026

Кароолор: 5

Б. Айтматов жана А. Масалиев атындагы орто мектебинин окуучулары Кадамжай району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан сыйланышты.

Кадамжай шаарындагы Ак-Суу дарыясынан улгайган адамды куткарууга жардам бергендиги үчүн Б. Айтматов жана А. Масалиев атындагы орто мектебинин окуучулары Кадамжай району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан сыйланышты.

Өзгөчө кырдаал учурунда ыкчам аракет кылып, адам өмүрүн сактап калууга салым кошкон окуучуларга ыраазычылык билдирилип, алардын кайраттуулугу жана жоопкерчиликтүү мамилеси белгиленди.

Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы да окуучуларга өзгөчө кырдаал учурунда кайраттуулук жана адамгерчилик сапаттарын көрсөтүп, адам өмүрүн сактап калууга көмөк көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирет.