28 июль 2026
Кароолор: 12
“Баатыр эне” орденин жана “Эне даңкы” медалдарын тапшыруу аземи болуп өттү.

2026-жылдын 28-июлунда көп балалуу энелерге “Баатыр эне” орденин жана “Эне даңкы” медалдарын тапшыруу аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Б.Баяке уулу катышып, коомдун өнүгүшүнө жана келечек муундун калыптанышына чоң салым кошуп жаткан энелерге терең ыраазычылыгын билдирип, бекем ден соолук жана бакубат жашоо каалады.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, бүгүнкү иш-чарада 20 эне “Баатыр эне” ордени, ал эми 15 эне “Эне даңкы” медалы менен сыйланышты.