12 июнь 2024
Кароолор: 154
Балдар бакчасын ачуу иштери

Кадамжай районунун мамлекеттик администрация башчысы- аким Болоткан Баяке уулу бала бакчанын оңдоп- түзөө иштери менен жеринен кабар алды.
Исхак-Полотхан айыл аймагындагы Ак-Өргө айылындагы мурдагы Ак-Өргө мектеп имараты бала бакчага берилет.
Аталган имараттын оңдоп- түзөө иштери жергиликтүү бийлик жана жергиликтүү айыл тургундарынын салымы менен ишке ашууда.
Алдыдагы 200 орундуу балдар бакчасын ачуу иштерине даярдыктар көрүлүп, учурда оңдоп-түзөө иштеринин 80% аткарылды. Ошондой эле керектелүүчү эмеректер алынып жатат.