03 май 2025
Кароолор: 23
“Балдардын коопсуздугу – билим берүү системасынын артыкчылыктуу багыты” аттуу Эл аралык форум 2025-жылдын 3-майында Кадамжай шаарында “Балдардын коопсуздугу – билим берүү системасынын артыкчылыктуу багыты” аттуу Эл аралык форум болуп өттү.

“Балдардын коопсуздугу – билим берүү системасынын артыкчылыктуу багыты” аттуу Эл аралык форум
2025-жылдын 3-майында Кадамжай шаарында “Балдардын коопсуздугу – билим берүү системасынын артыкчылыктуу багыты” аттуу Эл аралык форум болуп өттү.
Форумдун негизги максаты — билим берүү мекемелеринде балдардын коопсуздугун камсыздоо, бул жааттагы эл аралык тажрыйбаларды бөлүшүү жана улуттук деңгээлдеги саясатты өркүндөтүү болду.
Иш-чарага Кыргызстан, Өзбекстан, Кытай мамлекеттердин билим берүү, балдарды коргоо жана коомдук коопсуздук тармагындагы адистери, билим берүү тармагынын адистери катышты.
Форумдун жүрүшүндө балдардын мектептеги, үйдөгү жана коомдогу коопсуздугу боюнча ар түрдүү баяндамалар жасалып, талкуулар өткөрүлдү.
Катышуучулар төмөнкү багыттар боюнча маселелерди талкуулашты:
билим берүү мекемелеринде зомбулуктун алдын алуу;
мектептерде коопсуздук стандарттарын киргизүү;
мугалимдердин жана ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатуу;
киберкоопсуздук жана балдардын интернеттеги коопсуздугу;
билим берүү мекемелеринде чукул кырдаалдарга даярдык көрүү.
Форумдун жыйынтыгында катышуучулар балдардын коопсуздугу боюнча биргелешкен аракеттерди күчөтүү, ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча бир катар сунуштарды кабыл алышты.
Бул форум балдардын укугун жана коопсуздугун камсыз кылуу багытында маанилүү кадам болуп саналат жана мындан аркы иш-аракеттерге күчтүү дем берди.