06 ноябрь 2024
Кароолор: 23
Баткен облусунун 9 айынын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын болуп өттү.
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укукттуу өкүлү А.Алимбаевдин жетекчилигинде 2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча онлайн коллегиялык жыйын болуп өттү.
Коллегияга тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары катышты.
Коллегиянын күн тартибинде 2024-жылдын 3-кварталынын жыйынтыгы менен райондун социалдык-экономикалык өнүгүү көрсөткүчтөрүнүн абалы боюнча маселе каралып, бир канча райондук мекеме-ишканалардын жетекчилеринен суралып, тапшырмалар берилди.