09 сентябрь 2025

Кароолор: 29

Баткен ОИИБдин башчысы милициянын полковниги У. Жукенов жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча жыйын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын башчысы А. Касымалиевдин көрсөтмөсүнө жана ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты У. Ниязбековдун тапшырмасына ылайык, Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулу, Баткен ОИИБдин башчысы милициянын полковниги У. Жукенов, Кадамжай районунун аймагындагы тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, шаар мэрлери, аксакалдар, аялдар кеңеши ошондой эле жаштар менен биргеликте жыйын өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө жарандардын коопсуздугун камсыздоодогу ички иштер кызматкерлеринин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилип, укук бузуулардын алдын алуу боюнча 2021-жылдын 5-майында кабыл алынган №60 мыйзам кеңири талкууланды. Мыйзам алкагында тийиштүү субъекттердин ыйгарым укуктары жана жоопкерчиликтери белгиленип, биргелешкен иштерди күчөтүү багытында тапшырмалар коюлду.

Ошондой эле, учурдагы актуалдуу маселелер — кибер кылмыштуулукту алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулукту болтурбоо жана мектеп окуучуларынын коопсуздугун камсыздоо боюнча биргелешкен аракеттер зарылдыгы белгиленди.

Жер-жерлердеги коомдук алдын алуу борборлорунун ишин жандандыруу, материалдык-техникалык жактан камсыздоо, билим берүү мекемелеринде орнотулган видеокөзөмөл камераларын толук ишке киргизүү, ошондой эле жол коопсуздугун камсыздап, адам өлүмүнө алып келген жол кырсыктарынын санын кыскартуу боюнча сунуштар талкууланды. Бул багытта 2026-жылга белгиленген иш-чаралар такталып, аткаруу жолдору көрсөтүлдү.