25 сентябрь 2025

Кароолор: 36

Б.Баяке уулу район аймагында жүргүзүлүп жаткан бир катар курулуш жана инфратүзүмдүк долбоорлордун абалы менен жеринен таанышып чыкты.

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулу район аймагында жүргүзүлүп жаткан бир катар курулуш жана инфратүзүмдүк долбоорлордун абалы менен жеринен таанышып чыкты.

Иш сапардын алкагында аким Кадамжай шаарына, Масалиев жана Орозбеков айыл аймактарына барып, курулуп жаткан социалдык объекттерде, жол жана башка инфратүзүм объекттеринде жүргүзүлүп жаткан иштерди көзөмөлдөп, тиешелүү адистерден маалымат алды.

Мындан тышкары, Б.Баяке уулу Ак-Кыя чек ара өткөрмө бекетинде болуп, ал жактагы оңдоп-түзөө жана модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, жарандардын коопсуздугу жана ыңгайлуулугу биринчи кезекте камсыздалышы керектигин баса белгиледи.

Аким курулуштардын сапатына жана мөөнөтүндө бүткөрүлүшүнө өзгөчө көңүл буруп, жооптуу кызматкерлерге тийиштүү тапшырмаларды берди.