27 март 2025
Кароолор: 43
Б.Баяке уулу шаардын мэри жана тиешелүү мекеме-ишкана жетекчиси менен биргеликте Кара-Жантак айылынын жергиликтүү тургундары менен жолугушту.

Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Баяке уулу шаардын мэри жана тиешелүү мекеме-ишкана жетекчиси менен биргеликте Кара-Жантак айылынын жергиликтүү тургундары менен жолугушту.
Жолугушууда жергиликтүү тургундар көтөргөн көйгөйлөр, айылдагы социалдык-экономикалык абал жана келечектеги өнүгүү пландары талкууланды. Аким элдин сунуш-пикирлерин угуп, маселелерди чечүү үчүн тиешелүү чаралар көрүлөрүн билдирди. Жолугушуу ачык диалог форматында өтүп, тургундар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп ала алышты.