11 июнь 2025
Кароолор: 21
Билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен онлайн жыйын болуп өттү.

Билим берүү тармагына байланыштуу бир катар актуалдуу маселелерди талкуулоо максатында аким Б.Баяке уулунун жетекчилиги астында онлайн жыйын өткөрүлдү.
Жыйынга райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү, билим берүү бөлүмүнүн милдетин убактылуу аткаруучусу жана мектеп жетекчилери, бүтүрүүчү класстардын класс жетекчилери катышты.
Жыйында төмөнкү негизги маселелер каралды:
• 2024–2025-окуу жылынын жыйынтыгы жана 9-11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн саны;
• Кесипке багыт берүү иш-чаралары жана бүтүрүүчүлөрдүн окуу жайларга тапшыруусу боюнча ата-энелер менен иш алып баруу;
• 2025–2026-окуу жылына карата мектептердин даярдыгы;
• Күз-кыш мезгилине карата жылытуу иштери жана материалдык-техникалык камсыздоо;
• 3-4-сменада окуп калуунун алдын алуу боюнча алдын ала чаралар;
• Мектептерде уюштурулган жайкы мектеп лагерлери жана окуучулардын эс алуусун уюштуруу;
• Райондук билим берүү профсоюз уюму тарабынан мугалимдердин балдары үчүн уюштурулуп жаткан жайкы эс алуу лагерлери.
Жыйындын жүрүшүндө район аймагындагы жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнүн саны, экзамендик процесстердин жүрүшү, жетишкендиктер жана бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик багыт алуусу, ЖОЖдорго жана колледждерге тапшыруусу боюнча даярдыктар, консультациялар жана профориентациялык иштер талкууланып, аким тарабынан билим берүү мекемелеринин жетекчилерине жогоруда аталган багыттар боюнча иш алып баруу жана тийиштүү тапшырмалар берилди.