02 сентябрь 2024
Кароолор: 18
Билим күнү
Урматтуу Кадамжай районунун тургундары, мугалимдер жана окуучулар!
Сиздерди жаӊы 2024-2025-окуу жылынын башталышы – Билим күнү менен чын дилимден куттуктаймын!.
“Билимдүүгө дүйнө жарык” дегендей, билим уясын аттаган ар бир баланын татыктуу билим, туура тарбия алуусуна Кадамжай районунда бардык шарттар түзүлүп жатат. Ошол сыңары татыктуу тарбия, терең билим алууга баарыңыздарды чакырып кетемин.
Себеби билимдүү жаштар-мамлекетибиздин келечеги, улутубуздун уңгусу, өлкөнүн байлыгы болуп саналат.
Дүйнө ааламдашып, 21-кылымдын жетишкендиктери менен бир учурда сапаттуу билим берүү-бул туруктуу өнүгүүгө ишенимдүү пайдубалы болуп калды.
Мамлекет тарабынан анын алкагында Кадамжай районунда да билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, заманбап мектептердин курулушуна басым жасалып, балдардын жаңы ыкмалардын жардамында билим алуусуна колдон келген аракеттер көрүлүүдө. Муну менен Кадамжай районунда билим берүү жаатында атаандаштыкка жөндөмдүү жаштарды тарбиялап, мыкты жетишкендиктерге, ийгиликтерди багындырууну көздөп жатабыз!.