28 январь 2026
Кароолор: 5
Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУДАТП) 2026-жылга карата “Кыргыз Республикасындагы өлкөлүк стратегиялык планын” ишке ашыруу боюнча жыйын болуп өттү

2026-жылдын 28-январында Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясында Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУДАТП) 2026-жылга карата “Кыргыз Республикасындагы өлкөлүк стратегиялык планын” ишке ашыруу боюнча жыйын болуп өттү
Жыйынга Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары М. Айтматов, БУУДАТПнын өкүлдөрү, райондук мекеме-уюмдардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана тиешелүү адистер катышты.
Жыйындын жүрүшүндө БУУДАТП тарабынан 2026-жылга карата ишке ашырыла турган иш-чаралар, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, социалдык жактан аяр катмарларды колдоо, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарындагы программалар талкууланды.
Ошондой эле тараптардын өз ара кызматташтыгын күчөтүү, программаларды натыйжалуу ишке ашыруу маселелери көтөрүлдү.
Жыйынтыгында тараптар тарабынан мындан аркы иш-аракеттер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.