24 сентябрь 2026
Кароолор: 8
Бүгүн, 2026-жылдын 24-сентябрында, Кадамжай районунда айыл чарба жарманкеси уюштурулуп, жергиликтүү дыйкан-фермерлер өздөрү өндүргөн айыл чарба продукцияларын калкка жеткиликтүү баада сатышууда

Жарманкенин негизги максаты — айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө түз соода жүргүзүүгө шарт түзүү жана калкты сапаттуу азык-түлүк продукциялары менен жеткиликтүү баада камсыз кылуу.
Жарманкеде эт жана башка айыл чарба продукциялары базар баасынан арзандатылган баада сатылууда. Атап айтканда:
-уй эти — 740 сом/кг;
-кой эти — 780 сом/кг;
-картошка — 28 сом/кг;
-пияз — 20 сом сом/кг;
-сабиз — 35 сом/кг;
- күрүч (лазер)—150 сом/кг;
-күрүч (жайдары)—150 сом/кг;
-помидор—50-60 сом/кг;
-бадырын—30-50 сом/кг;
-болгарский—40-50 сом/кг;
-бал—800-900 сом/кг;
-жүзүм—100 сом/кг.
Мындай жарманкелер жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоого, алардын продукциясын түздөн-түз керектөөчүлөргө жеткирүүгө жана азык-түлүк бааларын турукташтырууга өбөлгө түзөт.
Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясы мындан ары да калкты сапаттуу жана жеткиликтүү айыл чарба продукциялары менен камсыз кылууга багытталган иш-чараларды колдойт.