25 июнь 2026
Кароолор: 15
Бүгүн, 2026-жылдын 25-июнунда, Кадамжай шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин шаарларды өнүктүрүү, турак жай фондун жаңылоо жана жарандардын коопсуз жашоо шарттарын камсыздоо боюнча тапшырмаларынын алкагында реновация программасына расмий түрдө ст

Долбоордун алкагында жер титирөөлөрдөн жабыркаган жана эскилиги жеткен көп кабаттуу турак жайлардын ордуна заманбап талаптарга жооп берген жаңы, коопсуз жана бардык шарттары каралган турак үйлөр курулат.
Курулуш объектисинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, Кадамжай районунун акими Баяке уулу Б. жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү болуп, долбоор менен жеринен таанышты. Жетекчилер бул демилге шаар тургундарынын жашоо сапатын жакшыртууга, коопсуздугун камсыздоого жана шаардык инфраструктураны жаңылоого багытталган маанилүү кадам экенин белгилешти.
Долбоор жеке курулуш компаниясы тарабынан каржыланып, курулуш иштерин бир жылдан ашуун мөөнөттө аяктоо пландалууда.
Белгилей кетсек, реновация программасы Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү жарлыгынын негизинде ишке ашырылып, эски турак жай фондун жаңылоо, шаарлардын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу жана жарандар үчүн коопсуз жашоо чөйрөсүн түзүүгө багытталган. Бүгүнкү расмий старт бул багыттагы иштердин практикалык жүзөгө ашырыла баштаганын айгинелейт.