07 октябрь 2026
Кароолор: 11
Бүгүн, 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча жыйын болуп өттү.

Бүгүн, 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча жыйын болуп өттү.
Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Акматов Айжигит Батыралиевичтин жетекчилиги астында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Жакышов Русланбек Шергазиевичтин катышуусунда райондук укук коргоо органдарынын, мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана аймактык шайлоо комиссиясы менен биргеликте жыйын өткөрүлдү.
Жыйында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү кызматтарга тапшырмалар коюлду.