22 май 2026

Кароолор: 7

Бүгүн, 22-май күнү, окуучулар арасында уюштурулган “Акылман ордо” интеллектуалдык таймашы жогорку деңгээлде өттү.

Бүгүн, 22-май күнү, окуучулар арасында уюштурулган “Акылман ордо” интеллектуалдык таймашы жогорку деңгээлде өттү.

Таймашка Кадамжай, Лейлек районунан келген жалпы 16 команда катышып, билим, логика жана тапкычтык боюнча күч сынашты.

Командалар өздөрүнүн мыкты даярдыгын көрсөтүп, кызыктуу жана курч таймаш орун алды. Жыйынтыгында төмөнкү командалар байгелүү орундарды камсыз кылышты:

🥇 I орун — Күлдү жалпы билим берүү мектебинин окуучулары

🥈 II орун — Лейлек командасы

🥉 III орун — Кара-Жантак командасы

Жеңүүчүлөргө жана активдүү катышуучуларга уюштуруучулар тарабынан ыраазычылык каттар, акчалай сыйлыктар жана атайын кубоктор тапшырылды.

“Акылман ордо” таймашы жаштардын интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу, ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү жана достук мамилени бекемдөө максатында өткөрүлүп, катышуучулар үчүн чоң тажрыйба жана мотивация болду.