22 октябрь 2025
Кароолор: 439
Бүгүн Кадамжай районунда диний кызматкерлер — имамдар менен жыйын өткөрүлүп, шайлоо учурунда мыйзамдуулукту сактоо маселеси талкууланды.

Жыйынга Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары М.Айтматов, Кадамжай районунун баш имам-хатиби А.Усманов, БШКнын Кадамжай району жана Кызыл-Кыя шаары боюнча өкүлү А.Адилов, ошондой эле Президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча коомдук кабылдаманын жооптуу катчысы А.Момунов катышышты.
Жыйында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамына ылайык, диний кызматкерлерге үгүт иштерине катышууга жана диний мекемелерде (мечиттерде, медреселерде) үгүт жүргүзүүгө тыюу салынары белгиленди.
Ошондой эле имамдарга шайлоо маалында бейтараптыкты сактоо, коомдук ынтымакты жана мыйзамдуулукту бекемдөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.