29 ноябрь 2025
Кароолор: 2
Бүгүн Кадамжай районунда шайлоого даярдык көрүү боюнча штаб жыйыны өткөрүлдү

Бүгүн Кадамжай районунда шайлоого даярдык көрүү боюнча штаб жыйыны өткөрүлүп, Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы–аким Б. Баяке уулунун жетекчилиги астында уюштурулду.
Жыйынга район аймагындагы мекеме жана ишканалардын жетекчилери, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары катышты.
Жыйынтыгында шайлоо учурундагы уюштуруучулук иштер, координация, тартип жана жоопкерчилик маселелери каралып, тиешелүү тапшырмалар берилди.
Штаб мүчөлөрү шайлоо процессинин ачык, мыйзамдуу жана коопсуз өтүшүн камсыз кылуу боюнча бирдиктүү аракеттерди жүргүзүү зарылдыгын белгилешти.