12 февраль 2026
Кароолор: 5
Бүгүн Кадамжай районунда “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” форумунун 1-чи этабы өтүп жатат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2026-жылдын 12-январындагы № 24-34 тапшырмасын аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жөнүндө” жобого ылайык Кадамжай районунда “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” чыгармачыл союздардын жана илимий интеллигенциянын республикалык форумунун 1-чи этабы өтүп жатат.
Иш-чарада “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолун талкуулоо жүргүзүлдү. Форумга райондогу чыгармачыл интеллигенция, адабиятчылар, педагогдор жана маданият кызматкерлери катышты.
Иш-чарада коомдук диалог форматында төмөнкү маселелер каралды:
* руханий маданият – уңгужолдун башаты;
* жаштарды улуттук баалуулуктарга тарбиялоо жана маданиятты сактоо;
* технология, билим жана улуттук өнүгүү;
* аймакта улуттук баалуулуктарды сактоо боюнча сунуштар жана перспективалар.
Диалогдун жыйынтыгы боюнча протокол кабыл алынып, облустук иш-чарага катышуу үчүн 5 өкүл тандалат.