11 август 2026
Кароолор: 5
Бүгүн, Кадамжай районунун акими Б. Баяке уулу Айдаркен шаарына болгон иш сапарынын алкагында шаардагы ички жолдорго асфальт төшөө иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Ошондой эле шаар аймагында курулуп жаткан сквердин абалы жана аткарылып жаткан көрктөндүрүү иштери жеринен көрүлдү.
Иш сапардын жүрүшүндө жолдорду сапаттуу оңдоп-түзөө, шаарды көрктөндүрүү жана жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча аткарылып жаткан иштер талкууланды.
Айдаркен шаарындагы ички жолдорду жакшыртуу жана жаңы эс алуу жайларын түзүү шаар тургундарынын жашоо шартын жакшыртууга, шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана анын көркүн арттырууга багытталган.
Тиешелүү жетекчилерге иштерди сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүү боюнча тапшырмалар берилди.